Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.08.2019 13:42

Сүрөт — Улуттук кийимчен кара-көлдүк улан-кыздар

Turmush -  Кара-Көл шаарынын жаш таланттары «Ысык-Көл досторун чакырат» аттуу эл аралык этно-карнавалда баш байгеге ээ болушту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 13-20-июль күндөрү өткөн карнавалда балдар чыгармачыл үйүнүн тарбиялануучуларынан Тахмина Макешова жетектеген «Келечек» комузчулар ансамбли баш байгени жеңишкен. Күү чертүү боюнча эки комузчу баш байгеге ээ болсо, дастан айтуу боюнча эки тарбиялануучу 2-орунду ээлешкен.

Этно-карнавалга катышкан улан-кыздар улуттук кийимдери менен дагы айырмаланышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×