Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 08.08.2019 12:34

Айыл турмушу: Токтогулдук аялдар биригип, ишкерчилик кылып жатышат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Торкен айылындагы аялдар биригип, чогуу ишкерчилик кылып жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өткөн жылы 12 айымдан турган «Шамшыкал» өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн. Учурда бул топто 7 мүчө бар. Алардын улуусу 46 жашта болсо, кичүүсү 36 жашта.

«Торкен табигый кен байлыктарга бай айыл. Бул жерде «Шамшыкал» туз кени бар. Мындан улам топтун атын «Шамшыкал» деп атадык. Топтогу 7 айым түрдүү кондитердик азыктарды жасап, тойлорго буйрутмаларды алып жатабыз. Бир даана нан 20 сом, боорсоктун 5 килограммы 200 сом, быштактан жасалган таттуу 80 сом, чүчбара 60 сомдон, 6-10 даана кекс 85 сом, печенье 45 сомдон сатылууда.

Жергиликтүү тургундар көбүнчө чүчбарага буйрутма берип жатышат», - дейт топтун мүчөсү Анара Шорпоева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×