Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.08.2019 10:13 Жаңыланды: 07.08.2019 14:45

Айыл турмушу: Чебер Г.Жумалиева кийиз жасоонун ыкмасын айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 69 жаштагы тургуну Гүлүкан Жумалиева чакан тигүүчү цех ачып, жергиликтүү кыз-келиндерди иш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча китепканачы. Союз учурунда Токмок шаарындагы маданий агартуу окуу жайын бүтүргөн. Билим берүү тармагында 15 жыл эмгектенген. Эмгек жолун Жазы-Кечүү айылында китепканачы болуп иштөөдөн баштап, андан кийин №1, №2 мектептерде мугалим болуп эмгектенди. Учурда жеке ишкерчилик менен алектенип, чакан тигүү цехин иштетүүдө. Цехте алар кыздардын себин, боз үйдүн ички жасалгаларын жасап, мектеп окуучуларынын формаларын тигишет.

«Апам чебер киши болгондуктан кичинекей кезимде эле кийиз жасоону үйрөндүм. Илгерки адамдар үй тиричилигине жалаң жүн пайдаланган. Жүндү ийрип, байпак, кийимдин түрүн түйүшкөн. Мурда ар бир аял жүндү иштетүүнү билчү. Учурда кол өнөрчүлүктү жаштарга үйрөтүү максатында иштеп жатам», - дейт ал.

Г.Жумалиева кийиз жасоодо кандай жүндү колдонуу керектигин айтып берди.

«Жүн жазгы жана күзгү болуп экиге бөлүнөт. Жаз болору менен мал-жандыкты жайлоого айдашып, кийин жүнүн кыркышат. Ошол күзгү жүн болот. Жазгы жүн бош келет. Андан байпак токулат. Ал эми кийиз жасаганда жазгы жана күзгү жүндү аралаштыруу керек. Эгерде кийиз жалаң жазгы жүндөн жасалса бош болуп калат. Жалаң күзгү жүндөн жасалса тыгыз жана катуу болуп калат. Ошондуктан эки жүн бири-бирин толуктап турат.

Жүндү колго тытып, тазалоо керек. Анан кумдун үстүнө, чийдин же теринин үстүнө жүндү коюп алып, сабоо менен сабалат. Мында жүндөгү жаман нерселер жерге күбүлүп түшүп, тазаланат. Үлпүлдөп калган массага чейин сабап алгандан кийин чийге кол менен тегиздеп коюп чыгуу керек. Анын үстүнө кайнак суудан куюп, орогон соң бут менен тепкилеп, кайра ысык суу куюп, ары-бери томолотуп, чыканак менен басуу керек. Ошондо жүн уюп, кийизге айлана баштайт. Анан чийден чыгарып алып, дагы кол менен басып чыгуу керек. Үч жолу оң кол, үч жолу сол кол менен басылганда кийиз даяр болушу керек. Даяр кийизди агып жаткан сууга алып барып, ылайларын тазалап жууп, күнгө кургатып коёт. Жалаң ак кийизден шырдактар жасалат, түрдүү өңгө боёлот», - деди ал.

Мындан сырткары Г.Жумалиева боз үйлөр экиге бөлүнөрүнө токтолду.

«Боз үйдүн бири ак өргө аталып, ал аябай кооздолуп жасалат. Үстүнө аппак кийиз жабылып, коноктор үчүн пайдаланылат. Ал эми экинчи боз үй көчкөнгө, конгонго ыңгайлуу болуп жөнөкөй жасалат. Боз үйдү канчалык кооздосоң көркүнө чыга берет. Эшиктен киргенде төр сыйлуу коноктор үчүн болсо, сол тарабында эркекке тиешелүү буюмдар коюлат. Оң тарабында ашкана болот. Ал жерге аялдардын буюмдары коюлат. Ортосунда коломтосу болот. Биз учурда боз үйлөрдүн ички жасалгасына буйрутма алып, үзүк, ботой, туурдук өңдүү жасалгаларды жасайбыз. Бир боз үйдүн жасалгасын толук жасоого бир айга жакын убакыт кетет», - деди ал.

Г.Жумалиева 9 неберенин чоң энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×