Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.08.2019 11:07

Тагдыр: Онкологиялык ооруга чалдыккан А.Төлөновага каралашкан эч ким жок

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 51 жаштагы тургуну Алтын Төлөнова (паспорттогу аты Бүмайра) көп жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

А.Төлөнованын айтымында, ал жалгыз жашайт. Үч кызы тең турмушка чыккан. Алардын материалдык жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Бир кызы келип, кийимин жууп берип турат.

«Буга чейин пол жууп иштечүмүн. Кийин пенсияга чыктым. Бирок алган пенсиям аз, эч нерсеге жетпейт. Көп жылдан бери бөйрөгүм ооруйт. Дарыгерлер мурда бөйрөгүмдө туз бар экенин айтып, дарыланып жүрдүм. Бирок жыйынтык болгон жок. Былтыр дарыгерлер сол бөйрөгүмдө шишик пайда болуп калганын айтып, Бишкекке жөнөтүштү. Ал жактан сол бөйрөгүмдөгү дарт жүрөккө кеткен тамырга илешип калганын жана операция жасай албай турганын айтышты. Ошентип Оштогу онкологиялык ооруканага келдим. Алар дагы бөйрөктө шишик пайда болгонун айтышып, дарылап башташты. Ар бир куйган дарысы 5 миң сомдон айланып, 1 айда 15 миң сом сарпталды. Туугандарым колунан келген жардамын беришти.

Андан кийин Кара-Көлдөгү кайрымдуулук фондуна жардам сурап кайрылдым. Алар 3-4 ай элден топтолгон каражатты дарылануума беришти. Мындан сырткары азык-түлүк жагынан дагы жардам берип жатышат.

Ошентип экинчи ирет Бишкекке бардым. Алар мага Москвадагы ооруканага барууну сунушташты. Москвадагы ооруканага барып, дарыланууга 450 миң сом керектелет экен. Менде мындай каражат жок болгондуктан элден жардам сурап жатам», - дейт ал.

А.Төлөнова буга чейин химиотерапиянын жеңил түрүн алганын жана үйдө каралашкан адам жок экенин айтат.

«Шаардан алыс жашагандыктан түнкүсүн оорум кармап, тез жардам чакырсам келишпейт. Такси менен ооруканага жетип, ийне сайдырып кетем. Акчаны тамак-аштан аяп, дары-дармекке жумшайм», - дейт ал.

Жардам берүүнү каалагандар 0778 78 74 84 жана 0703 45 88 07 номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×