Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.08.2019 17:52

Жалал-Абадда ысыкта сапарга чыккан айдоочулардын кан басымы текшерилип жатат

Turmush -  Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери биргеликте күндүн ысык аптабында алыскы жолго чыккан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кан басымын текшерип жатышат. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары да текшерилип жатат. Ал эми Транспорт министрлигинин кызматкерлери аба ырайы 28 градустан ашкандан кийин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр боюнча иш алып барууда.

Бул иш-чаралар Кара-Көл шаарында, Токтогул жана Сузак райондорунда да жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×