Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.08.2019 16:24 На русском

Жалал-Абадда киши өлтүрүүгө шектелген адам изделүүдө (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы адам өлтүрүүгө шектелген Абиджон Меркамедбаевди издөөдө коомчулуктан жардам сурайт.

Ушул жылдын 27-июль күнү саат 08:43 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндөгү үйдөн адамдын денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, үйдүн короосунан азиат түспөлүндөгү, болжол менен 45-50 жаштагы адам бычактан алган жаракаты менен табылган. Аталган факт Жалал-Абад ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Сузак районунун Жаңы-Жер айылынын 1972-жылы тулган тургуну Меркамедбаев Абиджон Камилжанович изделүүдө. Анын жүргөн жерин көрүп-билгендер же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор (03722) 5 28 31, 0777 59 59 59, 0776 71 23 23 номурлары аркылуу байланышса болот. Анонимдүүлүккѳ кепилдик берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×