Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Кербен 03.08.2019 12:45 На русском

Видео — Аксыда май куюучу жайдын кызматкерин белгисиз адамдар сабап кетишти

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарындагы май куюучу жайлардын биринин кызматкерин белгисиз 4 адам сабап кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, окуя аталган жайдагы видеокамерага тартылып калган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кызматкерди сабаган 4 адамдын бири Аксы РИИБдин кызматкери экени айтылып жатат.

Токмоктолгон Т.Д учурда ооруканада жатканын, аны тигилер «туура эмес учураштың» деп сабашкандыгын айтты.

«Мени жөн жерден эле уруп салышты. «Туура эмес учураштың, көөп кеттиң» деп урушту. Азыр ооруканадамын. Милицияга арыз жазгам», - деди жабырлануучу.

(Сабалган Т.Д.)

WhatsApp Image 2019-08-03 at 11.18.29

Аксы РИИБ жабырлануучудан арыз түшкөнүн ырастап, мушташка аралашкан деген милиция кызматкери боюнча териштирүү болорун кабарлашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×