Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.08.2019 16:22 На русском

Авазбек Досов Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысы болду (өмүр баяны)

Turmush -  Милициянын подполковниги Досов Авазбек Макамбаевич Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бүгүн, 2-августта жаңы жетекчини өздүк курамга ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Нур Сатыбалдиев тааныштырды.

Авазбек Досов 1995-жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келет.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Досов Авазбек Макамбаевич

Туулган жылы: 1971-жыл

Туулган жери: Сузак районунун Барпы айылы

Билими

- 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

- 2007-жылы ИИМдин Академиясында юридикалык билим алган

Эмгек жолу

- 2015-жылдын 19-июнунан 2016-жылдын 30-июнуна чейин Жалал-Абад ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары;

- 2016-жылдын 30-июнунан 2017-жылдын 6-апрелине чейин Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн батальонунун командири;

- 2017-жылдын 6-апрелинен 2018-жылдын 30-мартына чейин Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы;

- 2018-жылдын 30-мартынан 2018-жылдын 16-июлуна чейин Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысы;

- 2018-жылдын 16-июлунан 2018-жылдын 14-октябрына чейин ИИМдин ЖКККББнын кадрлар бөлүмүндө;

- 2018-жылдын 14-октябрынан 2019-жылдын 24-майына чейин Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөтчүсү;

- 2019-жылдын 24-майынан 2019-жылдын 31-июлуна чейин Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасында кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору;

- 2019-жылдын 31-июлунан тарта Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×