Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуНоокен району 02.08.2019 13:47

Сүрөт — Ноокенден ажылык сапарга 113 адам кетти

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагынан жалпы 113 адам (73 эркек, 40 аял) Мекке шаарына ажылык сапарга кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Узатуу иш-чарасына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев, Ноокен районунун акими Э.Маматаев, айыл өкмөт башчылары жана тургундар катышты.

Кыргызстандык зыяратчылар үчүн 2019-жылга карата 6010 орун бөлүнгөн.

Ажылык мусулмандардын беш парзынын бири — Меккеге зыярат кылуу болуп эсептелет. Куранда ар бир мусулман баласы өз өмүрүндө бир жолу Меккеге барып, зыярат кылуусу парз деп жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×