Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.08.2019 08:31

Бишкек—Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып калды

иллюстративное фото
иллюстративное фото

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунда жол кырсык катталды, деп билдиришти күбөлөр.

Жол кырсык 1-августта саат 07:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 417-чакырымында болгон. Бишкек шаарынын 1969-жылы туулган тургуну Б.С. чиркегичи бар «MAN 19» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен бара жатып, бурулуштан рулга ээ боло албай, унаа бир капталына оодарылып калган.

Унаада 1 жүргүнчү — Аксы районунун 1971-жылы туулган тургуну Б.Н. болгон. Ал Кара-Көл шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×