Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.08.2019 16:13

Кара-Көлдө №4 мектептин корпусунун курулушу 35 жылдан бери бүтпөй келет

Turmush -  Кара-Көл шаарында №4 Дүйшөнкул Шопоков атындагы мектептин корпусунун курулушу 35 жылдан бери бүтпөй келет. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, мектептин имараты 1984-жылы ишке берилген. Бирок мектеп толук кандуу бүткөн эмес. Курулушу бүтпөй калган корпусту эске алганда имарат 635 окуучуга ылайыкталган.

«Бөлмөлөр жетишпегендиктен мектептин фойеси класстык бөлмөгө айланган. Курулушу бүтпөй калган корпуста административдик иш бөлмөлөр, спорт зал, ашкана, китепкана, окуу класстары жайгашмак», - дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×