Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.08.2019 15:48

Жалал-Абадда жарым жылда 5 эне төрөттөн каза болду

Turmush -  Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 6 айында 5 эне төрөттөн каза болду. Мындай маалымат жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегияда маалым болду.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери А.Исаевдин баяндамасындагы маалымат боюнча, Аксы районунда 1, Токтогул районунда 1, Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө 3 эненин өлүмү катталган. Ошондой эле жарым жылда 14099 ымыркай төрөлгөн. Анын ичинен 1 жашка чейинки 202 бала чарчап калган.

«Наристелердин өлүмү боюнча Аксы районунда 12, Базар-Коргон районунда 1, Ноокен районунда 1, Сузак районунда 4, Майлуу-Суу шаарында 1, Жалал-Абад шаарында 3 учур катталган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×