Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.08.2019 13:09

Жалал-Абадда 4,5 млн сомго асфальтталган көчө ишке берилди

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 1-августта асфальттоо иштеринен кийин Манас атындагы көчө пайдаланууга берилди. Мэр Мураталы Тагаев билдиргендей, оңдоо иштери Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жүргүзүлгөн.

Жолду асфальттоо иштери 13 млн сомго бааланып, бирок жол чарба муниципалдык ишканасы оңдоо иштерин 4,5 млн сомго жүргүздү. Көчөнүн узундугу 511 метрди түзөт.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарында ушул жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Анын ичинен 5 чакырым жолду жол чарба ишканасы оңдосо, калган 2 чакырым жол подрядчы компания тарабынан оңдолот.

Мэр шаарда 19 млн сомго 50 орундуу бала бакча курулуп жатканын жана жакында ишке бериле турганын билдирди.

Жалал-Абад шаары боюнча 22 бала бакча бар. Алардын имаратына видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн. Учурда 149 камера орнотулуп, бул иштер аягына чыгып калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×