Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусуНоокен району 31.07.2019 18:54

Ноокендин эң негизги стадиону 18 млн сомго калыбына келтирилип жатат. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында борбордук стандионду кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жалданган ишкананын (подрядчик) өкүлү Бердигул Токтосунов билдиргендей, стадион Ноокен районундагы эң негизги спорттук объект болуп эсептелинет. Учурда оңдоо иштери 80%га аяктады.

Б.Токтосунов белгилегендей, кайра калыбына келтирүү иштери 23 млн 696 миң сом деп эсептелип, тендерден «Аян Курулуш» компаниясы 18 млн 135 миң 937 сом утуп алган.

Кайра калыбына келтирүү иштеринен кийин стадион 1 миң 227 орундуу болот. Футбол ойноочу аянтчанын аянты 7 миң 400 чарчы метрди, жарыш жол 2 миң 350 чарчы метрди түзөт.

Оңдоо иштери 25-февралда башталган.

Маалым кат

Кайра калыбына келтирүү иштерине Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен 5 млн 372 миң 953 сом, Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан 10 млн сом, Масы айыл өкмөтү тарабынан 2 млн 762 миң 984 сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×