Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуНоокен району 31.07.2019 17:03

Ноокенде 49 млн сомго курулган күнөскана комплекси иштеп жатат

Turmush -  Ноокен районунда ушул жылы 700 тонна жер-жемиш экспортко чыгарылды. Бул тууралуу райондун акими Эркинбек Маматаев пресс-тур учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында 49 млн сомго күнөскана комплекси курулган. Райондун аймагында жалпы 3 күнөскана жана логистикалык борбор жайгашкан. Жылына эки жолу түшүм жыйналат.

Маалым кат:

«Агрогрупп» күнөскана комплекси 7 гектар жерди ээлейт, анын ичинен 2 гектарга күнөсканалар 2015-2016-жылдары курулган. Дагы 2 гектар жерине күнөсканалар 2018-жылы курулган. 3 гектар жердин аймагында кампа, казандар бар жай жана 50 тонна түшүмгө ылайыктуу муздаткыч камералары жайгашкан. «Агрогрупп» күнөскана комплексин Алишер Бейшеналиев жетектейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×