Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 31.07.2019 15:52

Ажек айылында маданият үйү курулган соң элдин жашоосу кызыктуу болуп калды

Turmush -  Ала-Бука районунун Ажек айылында Немис өнүктүрүү банкынын эсебинен жана АРИС программасынын колдоосунда жаңы маданият үйү курулду. Клубдун директору Мамашарип Жолдошов билдиргендей, объекттин курулушуна жалпы 12,5 млн сом жумшалган.

«Биздин айыл өлкөнүн эң алыскы айылдарынын катарына кирет. Элетте 3 миң 500 адам жашайт. Буга чейин айылда клуб, китепкана жана башка социалдык объекттер болгон эмес», - дейт ал.

Анын айтымында, маданият үйү ишке берилгенден кийин айыл элинин жашоосу кызыктуу болуп калды.

«Клубда музыкалык ийримдер ачылып, түрдүү концерттер жана майрамдык иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бул жерге жаштар келип китеп окушат. Түрдүү иш-чараларга, облустук жана республикалык маанидеги сынактарга катышып турушат», - деди Мамашарип Жолдошов.

Ошондой эле ал клубда интернет, китепкана жана 220 орундуу концерттик зал бар экенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×