Ала-Бука жана Токтогулда 13 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды
Turmush - Ала-Бука жана Токтогул райондорунда 13 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, «Паутина» операциясынын жүрүшүндө облустун аймагында өскөн жапайы өсүмдүктөр жок кылынууда. Бул иш-чаранын алкагында Жаңы-Шаар жана Ынтымак айылдарында 3 гектар жерде өскөн бир тоннадан ашуун кара куурай айыл башчылар, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл тургундары менен биргеликте орулуп, өрттөлдү.
«Паутина» операциясы Токтогул РИИБ тарабынан дагы жүргүзүлүп, райондун аймагындагы 19 гектар жерде өскөн 12 тоннадан ашуун жапайы кара куурай жок кылынды.
«Буга чейин Тогуз-Торо жана Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан 10 гектарга жакын аянттагы 3,5 тонна жапайы кара куурайлар жок кылынган», - деп билдирди ОИИБдин басма сөз кызматы.