Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусуНоокен району 31.07.2019 13:50

Ноокендиктер 600 тонна болгар калемпир, помидорду Россияга экспорттошту. Сүрөт

Turmush -  Ноокен районунда «Бургондо» логистикалык борбору иштеп жатат.

Аталган борбордун төрагасы Саидрахим Кыргызбаев пресс-турдун жүрүшүндө маалымдагандай, борбордун ишмердүүлүгү айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнө сапаттуу продукцияны экспорттоого жардам көрсөтүүгө багытталган. Быйыл экспортко 600 тонна продукция, тактап айтканда болгар калемпири жана помидор чыгарылган. Продукцияны экспорттоодо келишим түзүлөт.

С.Кыргызбаевдин айтымында, продукцияларды Россиянын соода борборлоруна жана Новосибирск шаарынын базарларына жөнөтүшөт. Борбордо 9 бригадир эмгектенип, 183 фермер менен кызматташат. Мындан тышкары 12 кызматкер бар. Сезон учурунда кошумча жумушчулар тартылганда жалпы 50 адам болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×