Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 31.07.2019 12:52

Сүрөт — Кочкор-Ата шаарында 28 млн сомго бала бакча курулду

Turmush -  Ноокен районунда жылдын аягына чейин үч бала бакча ишке берилет. Бул тууралуу пресс-тур учурунда аким Эркинбек Маматаев билдирди.

Анын айтымында, Ноокен районунда 8 айыл өкмөт жана Кочкор-Ата шаары бар.

«Эки жыл мурун калкты бала бакча менен камсыз кылуу 37%ды түзгөн, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 43%га көтөрүлдү. Эки жылдын ичинде өнүктүрүү фондунун эсебинен 6 бала бакча жана 7 спорт комплекси курулду. Кочкор-Ата шаарындагы «Наристем» бала бакчасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду.

Момбеков айыл өкмөтүндө жеке ишкердин эсебинен 100 орундуу бала бакча салынды. Ага 6 млн сомду ишкер, 1 млн сомду айыл өкмөт бөлгөн. Жылдын аягына чейин бала бакча менен камсыздоо 55%ды түзөт», - деди ал.

«Наристем» бала бакчасынын курулушу 2017-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын март айында бүткөн. 175 орундуу бала бакчанын сметалык баасы 36 млн сомду түзөт.

«Кочкор-Ата айыл курулуш» ААК тендерден утуп алып, 27 млн 373 миң 343 сомго келишим түзүлгөн. Борбордук канализацияга кошууга 971 миң 796 сом жумшалган. Ал эми курулуштун жалпы баасы 28 млн 345 миң 139 сомду түздү. Мындан тышкары, «А» блогун капиталдык оңдоо үчүн 5 млн 551 миң 236 сом каралып, долбоор «ЭААС» ЖЧК тарабынан даярдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×