Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 31.07.2019 11:59

Ала-Букада касапчылар эт продукциясын Өзбекстанга экспорттоп башташат

Turmush -  Ала-Бука районунда мал союучу цех эт продукциясын Өзбекстанга экспорттоо боюнча келишим түздү. Бул тууралуу пресс-тур учурунда маалым болду.

Цехтин директору Эсен Кудайбердиев билдиргендей, 2017-жылы объекттин курулушу үчүн 7 млн сом жеңилдетилген насыя алган.

«Мал союучу цехти курууда ветеринардык көзөмөлдөө дагы эске алынган, анткени билим берүү мекемелери, бала бакчалар, аскер бөлүктөрү сапаттуу эт продукциясы менен камсыздалышы керек. Россиядан 4 млн сомдук жабдык алынган. Бир учурда 40 баш ири мүйүздүү мал жана 200 майда мал-жандыктын эти иштетилет», - деди ал.

Ошондой эле ал Өзбекстан менен келишим түзүлүп, ал тараптан 20 миң доллар которулганын билдирди.

«Келишим 5000 баш ири мүйүздүү малдын жана 5000 баш майда мал-жандыктын этин жеткирүү боюнча түзүлдү. Бир айда 20 тонна эт экспорттошубуз керек. Кыргызстан боюнча 50 фермер менен келишим түздүк, алар бизге мал жеткирип берип турушат. Өзбек тарап кызматташууга кызыкдар. Бир гана чек аранын алыстыгы көйгөй жаратууда. Алар даяр продукцияны Баймак жериндеги пост аркылуу алып кетүүгө даяр. Бирок эт продукциясын жеткирүүгө уруксат алуу үчүн 600 чакырым алыс жайгашкан Ошко баруу керек. Бул биз үчүн узак. Эгерде продукцияны чек ара аркылуу жеткирүү маселеси чечилсе, көйгөй болмок эмес», - деди Кудайбердиев.

Ошондой эле ал өзбек тарап таза экологиялык этти алууга кызыкдар экенин айтты.

«Өзбекстандын айыл чарба министри келип, протоколго кол коюп, келишим түзүп кеткен. Ошондой эле биз Кувейтте болуп, ушул сыяктуу цехтердин иши менен тааныштык. Казанга барып, «Русский Мрамор» агроөнөр жай комплексинин өкүлдөрү менен жолуктук. Учурда алар Кыргызстанда мал союучу цехтерди куруу маселесин карап жатышат», - деди цехтин жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×