Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Кербен 30.07.2019 14:52 Жаңыланды: 30.07.2019 16:23 На русском

Сүрөт — «Кербен» аэропорту оңдоо иштеринен кийин

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында «Манас» эл аралык аэропорту түштүк аймактагы аэропортторду жакшыртуу багытында иштерди жүргүзүүдө. Алардын катарында «Кербен» аэропорту дагы бар. Бул тууралуу пресс-тур учурунда аталган аэропорттун башчысы Мамбетаалы Исманалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ноябрь айында аэробекеттик комплексти кеңейтүү боюнча иштер башталган.

«Жакында эле бул иштер аягына чыкты. Учуу-конуу тилкесин оңдоо иштерин эки этап менен жүргүзүү пландалууда. Учурда оңдоо иштери аягына чыгып, майда жумуштар гана калды. Жакында уруксат берилгенден кийин аэропорт учактарды кабыл ала баштайт», - деди ал.

Мамбетаалы Исманалиев ошондой эле, авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана аэропорт ички каттамдарды тейлей турганын кошумчалады.

«Кербен» аэропортун оңдоо иштерине «Манас» аэропорту тарабынан 11 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×