Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 30.07.2019 13:43

Ала-Букада оорукананын операциялык залы оңдолуп, кошумча зал ачылды

Turmush -  Ала-Бука райондук ооруканада кошумча операциялык зал иштеп баштады. Бул тууралуу пресс-тур учурунда маалым болду.

Оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Рысбек Чойбековдун айтымында, буга чейин ооруканада бир гана операциялык зал болгон. Өтө шашылыш учурда пландалган операцияларды жылдырууга туура келчү.

Кошумча операциялык зал Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке берилди. Ооруканада ай сайын 65-70 операция жасалат. Көпчүлүк учурда бычактан жаракат алган бейтаптар, жол кырсыктан жабыркаган адамдар түшөт. Аларга кечиктирилгис жардам көрсөтүлгөндөн кийин облустук ооруканага жиберилет.

Оорукананын директору Бактыгул Алибаевдин айтымында, операциялык блоктун капиталдык оңдоо иштерине республикалык бюджеттен 1 млн 250 миң сом бөлүнгөн.

Маалым болгондой, райондук оорукананын имараты 1985-жылы курулган жана Чаткал районунун элине дагы жардам көрсөтүп келет. Төрт стуруктуралык бөлүмү бар аймактык оорукана 198 орунга ылайыкташкан. Учурда медициналык мекемеде 40 тажрыйбалуу дарыгер, 59 кызматкер иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×