Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 29.07.2019 16:36 На русском

Токтогул ГЭСти оңдоо иштери: Эмне жумуштар аткарылды?

Turmush -  Токтогул ГЭСи ишке киргенине 45 жыл болсо да бир да жолу реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу Токтогул ГЭС каскадынын директорунун орун басары Улан Калыбеков билдирди.

Анын айтымында, азыр жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери 2017-жылы башталган. Жумуш 3 фазага бөлүнгөн. Агрегаттар боюнча иштерди европалык «GE Renewable» консорциуму аткарат. Токтогул ГЭСтин 4 агрегатын реабилитациялоо боюнча комплекстүү долбоор Азия өнүктүрүү банкы жана Евразиялык өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жатат. Жалпы баасы 480 млн долларды түзөт. Биринчи фазанын каржылоосу 55 млн доллар болсо, экинчи фаза — 250 млн доллар, үчүнчү фаза — 175 млн доллар.

«Биринчи фазада электр жабдуулары алмаштырылат. Экинчи фазада 4 агрегатты оңдоо каралган. 2017-жылдан бери бардык жабдуулар алмаштырылды. Сентябрда ОРУ-500 кВ подстанцияны алмаштыруу боюнча иштер аяктайт. Учурда биринчи фазанын 90 пайызы бүттү. Андан кийин экинчи фазанын иштери башталат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×