Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 29.07.2019 12:14 На русском

Ош—Бишкек жолунда кайрадан үрөй учурган жол кырсык: Түндө бишкектик тургун жан берди

Turmush -  Ош—Бишкек жолундагы Көк-Бел ашуусунда «Хонда Степвагон» унаасы менен «Хонда Аккорд» унаасы кагышып, анын кесепетинен жараат алган 9 адамдын бири каза болду. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 28-июлда саат 17:00 чамасында болгон кырсыктан кийин «Хонда Аккорд» унаасындагы жүргүнчүлөр Кара-Көл шаардык ооруканасынан медициналык жардам алып кетишкен. Ал эми 7 орундуу унаадагы 5 жүргүнчү Үч-Терек аймактык ооруканасына жеткирилип, алардын ичинен оор жана шок абалдагы А.Ш. саат 01:00 чамасында каза болгон.

Оорукананын жетекчилиги маалымдагандай, жүргүнчүлөрдүн төртөө Бишкек шаарынын тургундары болгон. Алар жакындарынын суранычы менен медицина кызматкердин коштоосунда борборго жөнөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБсынан билдиришкендей, Ала-Бука районунун Төлөкө айылынын 1972-жылы туулган тургуну Р.Ж. «Хонда Степвагон» унаасын Бишкекти көздөй башкарып бара жаткан учурда карама-каршы багыттагы «Хонда Аккорд» сүзүп, жол кырсыгы болгон. Анын кесепетинен «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү — Базар-Коргон районунун Аук айылынын 3 тургуну Кара-Көл шаардык ооруканага кайрылышып, жардам алган соң чыгып кетишкен. Алардын арасында 15 жаштагы кыз бар.

«Хонда-Степвагон» унаасынын айдоочусу Р.Ж., жүргүнчүлөрү — Бишкек шаарынын Ак-Жар конушунун тургундары Ж.Р. жана А.к.А., Келечек конушунун эки тургуну Үч-Терек ооруканасына жеткирилген. Ушул эле конуштун тургуну А.Ш. оор жаракаттын кесепетинен көз жумду.

Кечээ, 28-июлда эртең менен саат 08:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 319-400-чакырымында «Тойота Камри» менен «Степвагон» унаасы кагышып, анын кесепетинен «Степвагон» унаасы бир жүргүнчү менен чогуу өрттөнүп кеткен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×