Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Көк-Жаңгак 26.07.2019 13:01

«Төрт баламдан ажырадым»: Кооптуу жерде жалгыз калган 71 жаштагы Шарапат апа кайда барарын билбейт. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында жер көчкү кооптуулугу бар аймакта 5 жашар чөбөрөсү менен жашаган 71 жаштагы Шарапат Шамшидинова коопсуз жайга көчө албай убара тартып келет.

Ансыз да дүйнө салган төрт баласынын күйүтүн тартып келе жаткан эне акыркы 3 жылдан бери адистердин «кооптуу аймактан көчүп кетиңиз, сотко беребиз» деген сөздөрүнөн чарчаганын айтат. Аймактык кабарчы 71 жаштагы Шарапат Шамшидинованын жашоосу менен таанышып келди.

Эскирген, ээнсиреген үй, эне менен чөбөрө

Шарапат апанын Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтачылар көчөсүндө 45 жылдан бери жашоо кечирген үйү үч бөлмөлүү. Анын эскилиги жетип, чатырынын жыгачтары да чирип калган. Бул турак жай апа үчүн баа жеткис жана тынч жай. Беш баласын тең ушул үйдө чоңойткон. Жашында жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз бой эрезеге жеткирген. Тилекке каршы келин алып, кыз берем деген тилеги орундалган эмес. Күн сайын балдарынын сүрөттөрүнө көкүрөгүндөгү муңду айтып ыйлап, жаздык алдына коюп, уктоону адат кылып алган.

«Беш бала төрөдүм. Биринчиси кичинекей кезинде эле каза болуп калды. Даниярым 1992-жылы 21 жашында Москвада иштеп жүргөндө киши колдуу болду. Эгиздерим Зухрамды 21 жашында, Тельманымды 28 жашында оорудан улам жоготуп алдым. Бир гана кызым аман, ал Ош облусунда өз турмушу менен алек. Мага жардам бергенге чама-чаркы келбейт. Уулдарым тирүү болгондо ушул жашта мен үй курам деп кыйналмак эмесмин. Карыганда үй курам деп ар жетекчинин эшигин каккылайм деп тил уктум», - дейт Ш.Шамшидинова.

Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтачылар көчөсүндөгү 7 үйгө 2016-жылы жер көчкү кооптуулугу пайда болгон. Мындан улам жергиликтүү бийлик тарабынан 5 түтүнгө жер берилип, баары андагы аймактан эчак эле жер которушкан. Бир гана Шарапат апа жашап жатат.

«Менин жанымда ӨКМдин имараты бар эле, көчүп кетишти. Сол тарабымдагы коңшум Манап дагы жер которду. Эки жашынан бери багып алган 5 жаштагы чөбөрөм экөөбүз 3 жылдан бери ушул жердебиз. Жаан-чачын жааган сайын адистер келип, үйдөн көчкүлө деп шаштымды алышат. Менин коопсуздугумду ойлоп жатышат, түшүнүп турам. Багар балдарым жок кайда барам? Жергиликтүү бийлик жер берди, ал үчүн ыраазымын. Быйыл эки бөлмөлүү үй куруп алайын деп аракет жасап жатам. Давран деген тургун жеримди сүрүп, «мүмкүнчүлүгүңүз болгондо акчасын берерсиз» деп таш менен шагыл төгүп берди. Цементти аралаштыруучу аппаратты карызга ижарага алып келдим, тыйынын кантип төлөйм билбейм.

Тууганым пайдубалын куюп берейин деп турат, суу жок ишти баштай албай жатабыз. Курулушка суу таппагандыктан шаар бийлигине барсам өзүбүздө дагы суу жок дешти. Өрт өчүрүү бөлүмүндөгүлөргө «бир челек суу куюп бергилечи» деп сурандым, жетекчиси жок экен, сыртка чыгарып коюшту. Кыйналган сайын балдарымды эстеп ыйлайм. Арыз муңумду ушул сүрөттөгү балдарыма айтып сүйлөнөм. Алган пенсиям дары-дармегимден, чөбөрөм экөөбүздүн тамак-ашыбыздан ашпайт. Аргасыздан шаар бийлигине кайрылсам, бир кызматкери «Сизге жер берилген, андан башка көмөк бере албайбыз, үмүт кылбаңыз» деди. Бийликке кайрылгандан деле заарканып калдым. Мага окшоп кыйынчылыкта жашагандарга мамлекет ссуда берип, колдоо көрсөтүшсө болмок», - дейт Ш.Шамшидинова.

Калаа башчысы Уларбек Исмаилов Шарапат Шамшидиновага турак жай куруп берүүгө жергиликтүү бийликтин чама-чаркы жетпей турганын, бирок ага орой мамиле жасаган кызматкерге чара колдонорун, мүмкүнчүлүккө жараша көмөк боло турганын билдирди.

«Ш.Шамшидинова тууралуу толук маалыматым бар. Ага кооптуу аймакта жашагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн 3 бөлмөлүү бош турган батирди сунуштаганбыз. Бирок туугандарынын үйүндө жашап турарын айтып, баш тартып койгон. Шаар бийлиги элдин колдоосу менен Топчубек деген тургунга үй куруп, бүтөлү деп калдык. Мүмкүн кийинки жылдан баштап энеге да колдоо көрсөтөбүз. Ал эми суу маселесин дагы чечип беребиз. Апага орой мамиле жасаган кызматкерлерге чара көрүлөт», - деп жооп берди мэр.

Көк-Жаңгак шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Жылдыз Айтмамбетова эненин небереси үй куруп бүтүрүп койгонун айтат.

«Ш.Шамшидинованын суранычы менен биздин кызматкер пенсиясын жеткирип турат. Кээде соцкызматкер короосун жыйнап берет. Небереси үй куруп жатыптыр, бүтүп калды окшойт», - деди ал.

Энеге Оштогу кызынын кыздары караан болуп жашачу. 3 жылдан бери чөбөрөсү менен турат. Анын таянычы да, эрмеги да 5 жаштагы Мелек болуп калган. Азыр үй куруу жумушу башталгандыктан ошол чөбөрөсү менен усталардын тамагын бышырып берип жатат. Быйыл үйдүн пайдубалын тургузууну гана көздөп жатканын кошумчалады.

Кийинчерээк Шарапат апа мэр андан кабар алганын, суу маселесин чечип бергенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×