Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.07.2019 18:10

Жалал-Абадда эки адам «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлүгүнөн чыгышты. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда эки адам «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ОИИБдин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын үзгүлтүксүз түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун эки активдүү мүчөсү бул уюмдан чыгышканын билдиришти.

Алар бул жолго эч кандай маалыматтын жоктугунан, экстремисттик иш-аракеттер тууралуу түшүнүгү болбогондуктан бардык деп белгилешүүдө.

«Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери тарабынан диний экстремизм багытында 41 факт аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен облустун аймагында диний-экстремисттик көз карашты колдогон 576 адам каттоого алынган.

Анын ичинен 504 адам «Хизб ут-Тахрир», 4 адам «Акрамия», 68 адам «Йакын-Инкар» диний уюмун колдогондор болуп саналат. Учурда диний-экстремизм багытында 10 адамга издөө жарыяланган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×