Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.07.2019 17:56 На русском

Видео — Тонналаган помидорлор Жалал-Абаддын эгин талааларында чирип жатат

Turmush -  Ноокен районунун Достук айыл аймагынын жана Шамалды-Сай шаарчасынын эгин талааларына помидор, болгар калемпирин эккен дыйкандар эми кардар күтүп, жол карап отурушат. Жашылчалары талаада чирип кетпеши үчүн мээнетти актабаган баада болсо дагы сатып өткөрүүгө аракеттенишет. Аймактык кабарчы элеттик дыйкандардын үнүн угуп кайтты.

Мунарбек Тиленбаев көп жылдардан бери Ош—Бишкек унаа жолунун Шамалды-Сай шаарчасынын аймагындагы бөлүгүндө, жолдун жээгиндеги 50 сотых үлүш жерине помидор жана болгар калемпирин эгет. Азыр ал түшүмүн жыйнап жатат. Помидору жаңыдан бышкан маалда жакшы сатса, азыр бир топ эле арзан сатууда.

«Биз бир аз кечигип калгандыктан кыйла эле арзан болууда. Мисалы, бир жума мурун помидордун килограммын 4 сомдон араң өткөрдүк эле. Эки күндөн бери килограммы 7 сомдон болуп калды. Бул акчалар дыйкандын мээнетин актабайт, ошентсе дагы сатканыбызга сүйүнүп турабыз.

Помидордун тазаларын тандап сатабыз. Сорттоп жатканда бир аз курт түшүп калгандары талаада эле чирип жатат. Эгер томат заводу болгондо жашылчаларыбыз талаада чирибестен сатылмак. Азыр мен сорттолгон помидорду коробкага таңгактап жатам. Помидорду тердиргеним үчүн дагы тыйын төлөйм. Ошентип отуруп араң өткөрүп жаткан жемиштен аз эле тыйын калат. Тербей кол шилтеп кетип калгың келет, мээнетиңе күйөсүң», - дейт ал.

Болгар калемпирин эккен дыйкан Эргеш Сариевдин пикиринде, Өзбекстандан келген жашылчаларга чектөө болбогондуктан жергиликтүү дыйкандардын мээнети акталбай жатат. Бул абал нааразычылыкты күчөтүүдө.

«Түшүмдү эрте жыйнап, базарга чыгарып калган дыйкандардын мээнети акталды. Ал эми кечигип калгандар кыйналып жатат. Мисалы, коңшу Өзбекстандан жашылча-жемиштер базарга эрте келип, жергиликтүү дыйкандардын түшүмүнүн баасы түшүп кетти. Ал эми азыр болгар калемпирлерин Казакстанга киргизбей жатыптыр. Мына ушул маселелер чечилсе дыйкандар үчүн абдан жакшы болмок», - деди дыйкан.

Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Турдумамбет Эшиев жашылчалар чирип, баасы арзан болду деген дыйкандардын пикирине толук кошулбайт.

Анткени быйыл дыйкандар помидорлорду жакшы баада сата алышты. Болгар калемпиринин килограммы 24 сомдон алынып, Россияга экспорттолду. Бүгүнкү күнгө чейин болжолдуу 600 тонна жөнөтүлдү. Томат заводу сырье менен толук камсыздоо болбогондуктан иши токтоп калган.

«Райондо томат паста чыгаруучу завод 2000-жылга чейин иштеп токтоп калды. Заводго керектелген помидор менен толук камсыздоо болбогондуктан көчүрүлдү. Помидорду кайрадан иштетүүчү цех же завод иштеши үчүн гектарлаган жерге помидор эгилиши керек болот. Калк жашылчаларды түрдүү эгет. Бир жылы помидор эксе, экинчи жылы дарбыз же коонго өзгөртүп алышы мүмкүн. Ушул сыяктуу жагдайлар бар.

Башында болгар калемпири 54 сомдон сатылды, орточо баа 20 сом болду, ал эми азыр 7-10 сом болуп жатат. Помидорлордун баасы деле базарда арзандап кеткен жок. Мурдагы жылы помидор өткөрүүдө дыйкандар кыйналган, быйыл абал жакшы эле десе болот», - деди М.Эшиев.

Буга чейин маалымдалгандай, 2017-жылы помидор эккен дыйкандардын мээнети акталбай, жада калса талаада терилбей калган болчу.

Райондо 19 миң гектардан ашык сугат жер бар. Калктын басымдуу бөлүгү жашылча-жемиштерди өстүрүп, базарга алып чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×