Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 25.07.2019 12:08 На русском

Сүрөт — Үч жигит таксистти тоноп, апасынын шакегин чечтирип алышкан

Turmush -  Жалал-Абад облусунда такси жалдап, айдоочусун тоноп жүргөн жигиттер кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 29-июнунан 30-июнуна караган түнү саат 02:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын аймагынан жакынкы айылдардын бирине жеткирип коюу өтүнүчү менен 18-22 жаштагы 2 бейтааныш жигит такси жалдашкан. Айдоочуну ээн талаага унаасын айдатып барган соң күч колдонуп унаадан түшүрүшүп, бет жагына урушуп, ошол жерден жабырлануучунун «Редми» үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан.

Андан соң айдоочуну мажбурлап апасына телефон чалдырышып, карыз болуп калганы үчүн шакегин сураттырган. Жабырлануучунун апасы 7000 сомдук алтын шакегин колунан чыгарып берген.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кылмышка катыштыгы бар делген жарандар кармалган.

Алар Сузак районунун тургундары — 2001-жылы туулган А.Н., 1998-жылы туулган Н.М. жана Жалал-Абад шаарынын 1999-жылы туулган тургуну А.Т. Шектүүлөрдүн жасаган кылмыш иштери далилденип, далил буюмдар алынып, тергөө кызматына өткөрүлдү.

Шектүүлөр буга чейин 3-июль күнү саат 23:00 чамасында дагы башка айдоочуну ушундай жол менен алдап, баасы 12000 сомдук кол телефонун жана 1000 сом накталай акчасын алып кетишкен.

Учурда алардын башка кылмыш иштерине катыштыгын аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери уланып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×