Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 24.07.2019 17:55

Кыргыз-өзбек чек арасында 3 гектар куураган чөп өрттөндү. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Өзбекстан менен чектеш аймагында 3 гектар аянттагы куураган чөп, орулган кылкандуу дан эгиндеринин калдыктары өрттөндү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өрт Өзбекстандын аймагынан чыккан.

«23-июлда саат 17:30 чамасында Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Таш-Акыр тилкесиндеги ачык аянтта куураган чөп күйүп жатат деген кабар түшкөн. Өрт өчүрүүгө ӨКМдин Жалал-Абад шаардык, Сузак райондук бөлүмдөрүнөн, Ош облусунун Өзгөн районунан өрт өчүрүүчү автоунаалар, өздүк курам тартылды.

Мындан тышкары өрт өчүрүүгө коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын, чек ара кызматынын өздүк курамы, жергиликтүү бийлик органдары аркылуу соколуу тракторлор жана тургундар тартылды. Өрт саат 21:10 чамасында толугу менен өчүрүлдү», - деди ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Чынарбек Шекенов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×