Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 23.07.2019 19:01

Дүкөндөргө чатыры аркылуу кирип, 15 телефон уурдап кеткен жигит колго түштү. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда уурулукка шектүү жигит кармалды, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 24-июнга караган түнү Майлуу-Суу шаарындагы дүкөндөрдүн бирине чатыры аркылуу белгисиз кылмышкерлер киришип, ичинен 10 000 сом акча жана жалпы баасы 150 000 сомдук 15 даана кол телефондорду уурдап кетишкен.

Ушундай эле окуя 10-марттан 11-мартка караган түнү Майлуу-Суу шаарындагы дүкөндөрдүн биринде дагы катталган. Анда белгисиз жарандар тарабынан кассада турган 8890 сом, бирдикке делген 4690 сом накталай акча жана 9200 сомдук азык-түлүк уурдалган. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында Майлуу-Суу ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 1993-жылы туулган тургуну А.К. кармалды. Ал жасаган кылмышын толук мойнуна алган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү буюмдарын көрсөтүп берип, уурдалган буюмдар далил катары алынды. Шектүү Майлуу-Суу шаардык сотунун токтомунун негизинде ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×