Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 23.07.2019 12:30 Жаңыланды: 23.07.2019 17:52 На русском

Саратанда Бишкектен Кара-Көлгө чейин шайтан араба менен жеткен Тимурдун баяны

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 30 жаштагы тургуну Тимур Максутов Бишкек шаарынан Кара-Көлгө чейинки жолду 42 саатта шайтан араба менен басып өттү.

Тимур Максутов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 19-июль күнү таңкы саат 04:00 чамасында Бишкек шаарынан сапарга чыккан.

«Бишкектен тарта 170 чакырымдай жолду басып өтүп, 18 саат дегенде Төө-Ашууга жеттим. Андан бери Суусамырга келип, досумдун үйүнө түнөдүм. Кайра таң эрте жолго чыгып, 14 саат дегенде Токтогул өрөөнүнө жетип келдим. Ал жактан туугандарымдын үйүнө түнөп, эртеси 10 саат жол жүрүп, Кара-Көл шаарына жеттим.

Аба ырайы Суусамырга чейин ысык болду. Жамгыр жааса экен деп жаттым. Күн ысык болгондугуна байланыштуу асфальттан ысык уруп жатты. Келгенге чейин көп суу ичтим. Ала-Бел ашуусу салкын экен. Токтогул менен Кара-Көлдүн ортосундагы жолдо күнгө күйүп калдым», - дейт Тимур.

Ал Бишкек—Ош жолундагы боз үйлөргө токтоп, суу сурап кайрылса аны чет элдик турист деп ойлошконун жана шайтан араба менен сапар тартып баратканына таң калышканын айтты.

«Кээ бир адамдар мени чет элдик турист деп ойлоп, кол булгалап учурашып жатышты. Эң кызыгы Ала-Бел ашуусунан өткөндө чарчап, эч нерсеге маани бербей келе жаткам. Жолдо ата-энемдин унаасына окшош унаа туруптур. Окшош турбайбы деп ойлоп, жакындаганда номурун карасам биздикиндей экен. Жакын келип карасам, унаанын ичинде ата-энем мени видеого тартып жатышыптыр. Ушунчалык кубанып, чарчоом жазылып кетти. Алар мени колдоп келишкен экен. Алардын колдоосу мага чоң стимул болду», - дейт ал.

Тимур Максутов алгач өзүн сыноо жана жаштарды сергек жашоого үндөө максатында Бишкек шаарынан Кара-Көлдү көздөй шайтан араба менен сапар тартканын белгиледи.

«Психологиялык, физикалык жактан өзүмдү сыноону чечтим. Күн ысыкта жол жүрүп, кыйналарымды билдим. Өзүмдү психологиялык жактан даярдап, сапарга чыккам. Бул аракетим аркылуу жаштарды сергек жашоого үндөгүм келет. Мен Кара-Көлгө кирип келгенде досторум, агаларым тосуп алышты», - дейт ал.

Тимур Максутов Кара-Көл шаарындагы Камбар-Ата ГЭСинде оперативдүү топто цехтин кезмет бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Учурда эмгек өргүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×