Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.07.2019 10:45 На русском

Тоолуктар тез жардам унаасы иштебей, жетекчинин үйүндө токтоп турганына нааразы

Turmush -  Токтогул районунун алыскы Тоолук айыл аймагына 3 жыл мурун берилген тез жардам унаасы эки жылдан бери иштебей, короодо токтоп турат. Мындай пикирди Тоолуктун эли өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жумушчу топ менен барганда айтышты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 2016-жылы аймактагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаңы тез жардам унаасы берилген. Бирок ал унаа ошол жылы гана кызмат кылды.

«Унаа жаңы бойдон сакталып турат, элге пайдасы тийген жок. Тез жардамга муктаж болсок дарыгерлер «бензин жок, күйүүчү май куюп бериңиз» дешет. Бензин да көп керектелет экен, андан көрө жеке унаалар менен ооруканага жеткен ыңгайлуу. Унаа элге иштесин же башка аймакка которуп кетишсин. Бизге иштебеген унаанын кереги жок. Дарыгерлерге ырахмат, колдорунан келген жардамын берип жатышат», - дешти алар.

Тоолук айылынын тургундары айткандай, көбүнчө жеке унаалар менен дарыгерлерди үйүнө алып барышып, ооруп жаткан адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлөт. Унаанын иштебей жатканы элдин нааразычылыгын жаратууда.

Тоолук аймагындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Нүргүл Ажыбаева унаанын тетиктерин уурдатып албоо үчүн короосуна коюп койгонун, унаа үчүн күйүүчү май бөлүнбөгөнүн айтты.

«Менин короомдо быйылкы жылдын январь айынан бери токтоп турат. Унаанын тетиктерин уурдатып албайын деп үйгө койгом. Унаага күйүүчү май бөлүнүп турса имаратка эле коймокмун. 2017-2018-жылдары тийиштүү тараптарга күйүүчү май маселеси боюнча кайрылдык, бирок бизге бөлүнгөн жок. Эки жылдан бери күйүүчү майды эл өзү каржылап келген. Бул унаага күйүүчү май көп керектелет экен. 10 литр бензин жей турган жерге жеке унаа менен барсак, ага 3-4 литр бензин кетет. Ошондуктан эл жеке унаа менен барууну өтүнүшөт. Арга жок өз унаабыз менен барабыз», - деди ал.

Маалым болгондой, тез жардам унаалары үчүн күнүнө 15 литрден күйүүчү май бөлүнүшү керек. Эки жылдан бери аталган аймакка андай көмөк көрсөтүлбөй келет. Тоолук айыл аймагынын жылдык бюджети 1,5 миллион сом гана болгондуктан, көп колдоо көрсөтө албайт. Былтыркы жылы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 10 миң сом бөлүнгөн.

Жыйында өкмөттүн өкүлү күйүүчү майга колдоо көрсөтүлөрүн айтты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Нурдин Эрматов бул маселе жакында чечилерин белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле Токтогул—Тоолук жолунун, ички көпүрөлөрдүн абалы тууралуу маселе көтөрүлдү. Ички жолдор үчүн өкүл фондунан 100 миң сом бөлүп берерин убадалады.

Тоолук айыл аймагында 4 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×