Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.07.2019 08:19

Арстанбапта туристтерди ташууда жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул салынды

Turmush -  Арстанбапта эс алуучуларга, туристтерге кызмат көрсөткөн айдоочулар арасында жол эрежесин бузгандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мекеме тарабынан жайкы эс алуу күндөрүндө жана туристтик сезонго карата жол кырсыктарды алдын алуу максатында коомчулук арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. 16-июлда башталган рейд 25-июлга чейин уланат. Рейд учурунда эс алуучуларды жана туристтерди эс алуучу жайларга ташуу менен алектенген 6 айдоочуга жүргүнчү ташуудагы одоно эреже бузганы үчүн Бузуулар кодексинин тиешелүү беренелери менен айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×