Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 17.07.2019 18:01

Таш-Көмүр ШИИБдин имараты оңдолуп, жаңы бөлүмдөр ачылды

Turmush -  Таш-Көмүр ШИИБде 16-июлда көчмө семинар-кеңешме өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы. Иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин башчысы К.Жолдошов, Таш-Көмүр шаарынын мэри Р.Асаналиев жана район-шаарлардын жетекчилери катышты.

Кеңешменин максаты жаңы кабыл алынган мыйзамдардын талабына ылайык кызматкерлердин толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү болуп саналат. Бул багытта жаңы оңдоодон өткөн имарат үлгү иретинде көрсөтүлдү.

Имаратка киргенден кийин текшерип өткөрүү жайы, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү, тергөө-ыкчам тобунун жабдылышы жана окуя болгон жерге чыгуу үчүн атайын унаа, нөөмөт бөлүмү, жаңыланган жыйындар залы, тергөө кызматкерлеринин эс алуу бөлмөлөрү жетекчилерге тааныштырылды.

«Кызматкерлерге талап коюудан мурун шарт түзүп берүүнү чечтим. Биздин имараттын ички бөлмөлөрү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Окуя болгон жерлерге тез жетип баруу үчүн унаабыз оңдолду. Бир топ убакыттан бери кароосуз калган «Жигули» унаасын жеке ишкер өз каалоосу менен оңдоп берди. Эл менен милициянын ортосундагы байланышты жакшыртуу максатында жогорудагы иштер аткарылды. Элге жакшы шарттар түзүлдү, эми атуулдарды кабыл алуу бөлмөсү курулду. Анда заман талабына ылайык муздаткыч жана сыналгы коюлган», - деди ШИИБдин башчысы А.Козукеев.

Таш-Көмүр ШИИБдин бөлүмүндө жалпы 62 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×