Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.07.2019 13:19 На русском

«Терекке байлап сабашкан»: Боору 12 кг болгон Т.Тургунбаевди Гиннестин рекорддор китебине катталууга сунушташты

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын 61 жаштагы тургуну Төлөгөн Тургунбаев боор оорусуна чалдыккан. Адамдын боору 1,5-2 килограмм болсо, Т.Тургунбаевдин боору 12 килограммга чейин чоңоюп, ичине эки чака суу толуп калган. Бул тууралуу Төлөгөн мырза өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Индиядагы ооруканалардын биринде иштеген хирург-трансплантолог Вивек Видч Төлөгөн мырзанын 12 килограммга чейин чоңоюп кеткен боорун көрүп таң калган. Дарыгер анын 20 жылдык тажрыйбасында мындай учур биринчи жолу катталганын айткан.

«Индиядагы дарыгерим “муну Гиннестин рекорддор китебине киргизиш керек” деди. Боордун мынчалык чоңоюшу мүмкүн эмес экен. Ичимден 2 чака суу алышты. Операция өтө оор болуп, 12 саатка созулду. Индияга 83 кг салмак менен барып, кайра Кыргызстанга 51 кг салмак менен кайтып келдим. Өзүмдүн кызым донор болуп, боорунун жарымын берди. Учурда кызымдын абалы жакшы. Дарылануу үчүн 3 миллион сомдон ашык каражат кетти. Негизгиси аман-эсен дарыланып, үй-бүлөмдүн, балдарымдын жанына кайтып келдим. Ноябрда кайра Индияга барып, бир сыйра текшерүүдөн өтүп келем», - деди Т.Тургунбаев.

Өзүнүн айтымында, ал мындан 26 жыл мурун милиция кызматкерлери тарабынан сабалган.

«Мен 1993-жылы милиция кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко кабылгам. Ал учурда 36 жашта болчумун. Атам үйдө ооруп жаткан. Бир медайым менен сүйлөшүп, атамды үйгө келип эмдеп турмак. Бир күнү медайым келбей калганынан анын жумуш ордуна барып, "эмне үчүн келбей калдың?" деп сурадым. Жанындагы бир бала ага болушуп сүйлөнгөндүктөн экөөбүз уруша кетип, аны сабап койгом. Көрсө ал милиция кызматкери экен. Ошол күнү мени милициянын мекемесине чакырышып, терекке байлап алып катуу сабашкан. Өзүм спорттун самбо түрү менен машыкчумун. Мага анча-мынчанын күчү жетпейт болчу. Ошондуктан алар мени байлап алып сабашкан», - деди ал.

Т.Тургунбаев сабалгандан кийин ооруканага барганда кабыргасы сынганын айтышкан. Ал бооруна кан уюп калганын билген эмес.

«Ошол күндөн баштап ичим катуу ооруп жүрдү. Ооруканага барсак, эки кабыргам сынганын айтышты. Бирок боорума кан уюп калганын билбей калышыптыр. Ооруй бергенинен Бишкектеги ооруканалардын биринен УЗИге түшүп, ошол жактан билишти. Операция кылып алып салалы дегенде, макул болбой койгом. Боордо нерв клеткалары болбойт экен. Ал канчалык ирип-чирип жатса дагы оорусу билинбейт. 2007-жылы ичим шишип баштаганынан ооруканага кайрылгам. Дарыгерлер эч кандай жардам бере албай турганын айтышты. Анализдин жыйынтыктары боюнча канымда эч кандай оорунун вирустары аныкталган жок. Боорум чоңоюп, өпкө менен жүрөктү кысып баштаганда, Индияга барып операция кылдырууга даярдана баштадым», - деди Төлөгөн мырза.

Учурда анын 6 кызы, 1 уулу бар. Ага донор болгон кызы Жылдыз 29 жашта.

«Мен атама боорумдун 65 пайызын бердим. Менден башка дагы 5 кыз, 1 уул бар. Алар да боорун беришмек. Бирок менин анализдерим жакшы болуп чыгып, каным да туура келди. Мен атама боорумду гана эмес, жанымды дагы бергенге даярмын. Атамдын өмүрүнө өмүр улап турганыма абдан кубанычтамын. Мындан өткөн бакыт барбы. Операция оор болду. Бирок тез эле бутума туруп кеттим. Учурда абалым жакшы», - деди Жылдыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×