Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.07.2019 17:30 На русском

«Миллион берсең тийишпейм»: Депутат менен мушташкан жетекчи кызматтан четтетилди

Turmush -  Иш бөлмөсүндө депутат менен жакалашкан Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Теңирберди Жолдошев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айыл өкмөт башчысын иштен четтетүү боюнча акимдин буйругу чыккан.

«Ушул жылдын апрель айында Т.Жолдошев иш бөлмөсүндө мага кол көтөргөн. Мен райондук прокуратурага арыз менен кайрылгам. Арызымдын негизинде териштирүү иштери жүрүп жатат. Базар-Коргон райондук соту 13-июлда сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаганга чейин Т.Жолдошевди кызматынан четтетүү тууралуу чечим кабыл алыптыр», - деди Базар-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Элдияр Жуманазаров.

Буга чейин Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Теңирберди Жолдошов менен айылдык кеңештин депутаты Элдияр Жуманазаровдун чырын милиция иликтеп жаткандыгы жана айыл өкмөт башчыга прокуратура тарабынан «Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча иш козголуп, аны райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкендиги маалымдалган.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 8-апрелинде айыл өкмөт башчынын иш бөлмөсүндө болгон.

Айыл өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Теңирберди Жолдошов: «8-апрелде төрт депутат иш бөлмөмө келип, айыл өкмөттөгү абал талкууланды. Ошол учурда Элдияр Жуманазаровго жер боюнча жалган маалымат берип жатасың деген пикиримди айтсам, ортодо пикир келишпестик орун алып, жакалаша кеттик. Депутат мага кол көтөрдү. Бөлмөнүн ичиндеги депутаттар бизди арачалап, Элдиярды сыртка алып чыгып кетишти. Мен аппараттын кызматкерлерин чакырып, жеринде акт түздүрдүм. Себеби бетим сыйрылып, мурдум канап кеткен. Маселе депутат иштетип жаткан фонддун карамагындагы 7 гектар жердин айланасында болууда. Анткени мыйзамдуулугун карап чыгуу үчүн өкмөттөн түзүлгөн атайын комиссия 10 жылдык мөөнөткө өздөштүрүү үчүн берилген жерде келишим боюнча талаптар аткарылбаганын таап чыгышкан. Мындан улам биз сотко кайрылганбыз. Депутаттар арыз жазбашымды суранышкандыктан мен депутаттын үстүнөн тийиштүү органдарга кайрылган эмесмин. Жуманазаров прокуратурага арыз жазыптыр. Мен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдым», - деген Т.Жолдошов.

Ал эми айылдык кеңештин депутаты Элдияр Жуманазаров айыл өкмөт башчынын бөлмөсүнө элдин көйгөйүн айтуу үчүн киргенин билдирди.

«Мен элдин өкүлү катары тургундардын көйгөйлөрүн айыл өкмөт башчыга жеткирүү үчүн барсам, айыл өкмөттүн иш бөлмөсүндө айылдык кеңештин төрагасы дагы бир кесиптешибиз менен сүйлөшүп отурган экен. Ошол учурда үч депутат кирип барганбыз. Т.Жолдошов мага карап, "1 миллион сом ала келдиңби?" деп сурады. Бул тыйын маселеси 7 гектар жерге байланыштуу. Анткени 2018-жылы мен 7 гектар жерди аукцион аркылуу өздөштүрүү үчүн 10 жылдык мөөнөткө алгам. Баары мыйзамдуу жол менен бүткөн. Кызыл китеп алынган. Жердин документтерин бүт көрүп чыккандан кийин деле "миллион берсең тийишпейм" деп айткан.

Иш бөлмөгө кирип барганда айыл өкмөттүн башчысы "мени элге тыйын сурады деп жарыялап жатыптырсың" деп тилдеп кирди. Ортодо кайым айтышуу болуп, мени жакалап, муунтуп кирди. Мени депутаттар ажыратып кетишти. Мен прокуратурага тыйын талап кылгандыгын жана муунткандыгын айтып кайрылдым», - деди ал.

Ал эми Базар-Коргон райондук администрациясынын берген маалыматына таянсак, учурда Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп Икрамжан Чолпонов дайындалды. Ал буга чейин Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис болуп эмгектенген. И.Чолпонов өткөн жылы 2 ай Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×