Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.07.2019 14:02 На русском

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан кийин изин жашырган айдоочу изделүүдө

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарына караштуу тилкесинде жол кырсык катталгандан кийин айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Turmush басылмасына маалым болгондой, жол кырсык 12-июлда Бишкек—Ош унаа жолунун 370-чакырымында катталып, «Мерседес-Бенц» жана «Жигули» унаалары кагышкан.

«Мерседес-Бенц» унаасы Кара-Көл шаарынын тургунуна таандык болгон, бирок кырсык катталган күнү айдап бара жаткан жаран ким экени тактала элек. Анткени жол кырсык катталгандан кийин «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу качып кеткен. Учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми жанындагы жүргүнчүсү оор абалда ооруканага түшкөн. Шаардык ооруканадан жүргүнчүгө 3,5 саат операция жасалганын жана анын көк боору жарылып кеткенин билдиришти.

Ал эми «Жигули» унаасынын айдоочусу дагы жаракат алгандыгын анын туугандары билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×