Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.07.2019 19:58 На русском

Кара-Көлдө 3 өспүрүм милиция кызматкерлеринен токмок жегенин айтып чыгышты

Комсомольское озеро в городе Кара-Куль
Комсомольское озеро в городе Кара-Куль
// Turmush

Turmush -  Кара-Көл шаарында 15 жаштагы 3 өспүрүмдү милиция кызматкерлери сабады, деп билдирди өздүк булактар.

Аймактык кабарчы бул маалыматты тактоо үчүн шаардагы Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна кайрылды.

«14-июль күнү кечки саат 18:20дан 18:50гө чейинки аралыкта 3 өспүрүм милиция кызматкерлери урду деген билдирүү менен ооруканага кайрылган. Алардын баары — Т.А., К.Н. жана М.М. 2004-жылы төрөлгөн балдар болгон. Аларга алгач баш мээсинен жаракат алды деген диагноз коюлган. Бүгүн, 15-июлда аталган балдар текшерилип, баш мээсинде жаракаты жок деп, ооруканадан экөө чыгарылган. Азырынча бирөө ооруканада», - деп билдиришти аталган борбордон.

Кара-Көл ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милицияга 15 жаштагы 3 өспүрүм кайрылып, Кара-Көлдөгү Комсомол эс алуу көлүндө Руслан аттуу милиция кызматкери сөз талашып, андан кийин урганын билдиришкен.

Аталган окуя 14-июль күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ден соолукка жеңил зыян келтирүү фактысы катары катталган. Топтолгон материалдар тиешелүү органдар тарабынан прокуратурага жиберилген. Учурда ишти шаардык прокуратура карап жатат. Мындан сырткары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×