Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.07.2019 20:16 На русском

Кара-Көл шаарында 2 унаа кагышып, адамдар ооруканага жеткирилди (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 12-июлда Кара-Көл шаарында 2 унаа кагышып, талкаланып калды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык түнкү саат 23:00 чамасында катталган. Бишкек–Ош унаа жолунун 371-чакырымында «Жигули» үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. «Жигули» Ошту карай бара жаткан. Ал эми «Мерседес Бенц» каршы тилкеде келе жаткан. Ошол учурда эки унаа кагышып кеткен. «Мерседесте» 2 адам, «Жигулиде» 3 адам болгон. Кырсыктан ар кандай жаракат алган адамдар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилди. Алар жергиликтүү тургундар экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×