Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Чүй облусуЖайыл району 12.07.2019 11:44 На русском

Айыл турмушу: Балбан А.Барпыбеков Суусамырдагы мелдеште 3-орунду алды

Turmush -  Адилет Барпыбеков 1997-жылы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чоң-Кара-Буура айылында төрөлгөн. Учурда Бишкек шаарында жашап, спорт менен машыгып келет.

Ал жакында эле Кожомкул баатырдын 30 жылдыгына карата өткөн кыргыз күрөшү боюнча мелдеште 3-орунду алды.

«Менин спортко келишиме байкем Канимет Барпыбеков менен атам түрткү болду. Байкем дүйнө чемпиону жана эл аралык даражадагы спорт чебери. Андан кийин албетте Уралбек досум, Нурбек Кожобеков агайым дагы түрткү болду.

Өзүм 2012-жылдан 2015-жылга чейин эркин күрөш менен машыгып жүрүп, тарамыштарымды чоюп алгам. Ден соолугум өз калыбына келгиче төрт жылдай машыгуу залына барбай калгам. Кудайга шүгүр, 1,5 жылдан бери кайрадан спортко келип, аз убакыттын ичинде бир топ ийгиликтерге жетиштим. Азыр белбоо жана кыргыз күрөшү менен Нурбек Кожобеков, Нияз Курманкулов агайларымда машыгып жатам.

2018-жылы Астанада (эски аталышы) жаштар арасында өткөн дүйнө чемпионатында белбоо күрөшү боюнча 3-орунду алып келдим. 2019-жылы Казакстанда 23 жашка чейинки спортчулардын арасында өткөн белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында баш байгени жеңип алдым. Жакында эле Кожомкул атабыздын 130 жылдыгына карата өткөн кыргыз күрөшү боюнча мелдеште 3-орунду алдым», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

«Биз 5 бир тууганбыз: 3 уул, 2 кыз. Мен төртүнчүсү болом. Атам Төрөбек Канатбек, апам Нурила Казакбаева. Ата-энемдин менин ийгиликтериме кошкон салымы зор. Өзүм Чоң-Кара-Буура айылында чоңойгом. Мектепти бүткөн соң, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен каржы тармагы боюнча билим алып чыккам.

Келечекте өзүмдүн байкемдей дүйнө чемпиону болгум келет. Азыр Көчмөндөр оюндарына даярданып жатам. Алдыда кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпионаты өткөнү жатат. Ага дагы даярдык чоң», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×