Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 11.07.2019 16:38

Аксыда курулганына 1 кылымдан ашкан канал кайра ишке берилди

Turmush -  Аксы районунда курулганына 1 кылымдан ашкан канал оңдолуп, кайра ишке киргизилди.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары билдиргендей, 1890-жылдары курулган канал союз тарагандан кийин пайдаланылбай калган. Канал кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилди.

Маалым болгондой, канал аркылуу Кашка-Суу дарыясы агып өтүп, Жерге-Тал айылындагы 300 гектардан ашуун жерди суу менен камсыз кылат. Учурда канал аркылуу суу берилип, айдоо аянттары сугарылып жатат. Жерге-Тал айыл өкмөтү Итагар айылынан канал аркылуу аккан сугат сууну пайдаланып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×