Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.07.2019 09:51

Чычкан суусуна кулаган унаадагы классташ жигиттердин экөө табылып, үчүнчүсүн издөө убактылуу токтотулду

Turmush -  Чычкан суусуна кулаган унаадагы 3 классташ жигиттин экөөнүн денеси табылды. Ал эми үчүнчү жигитти издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

2-июль күнү Бишкек—Ош унаа жолунун 270-чакырымында Чычкан суусунан 1997-жылы туулган А.И. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылып, куткаруучула ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Анын жанында дагы 2 эркек адам (1997-жылы туулган Ө.Б. жана 1997-жылы туулган Т.М.) бар болгондугу жана алар дагы дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 4-июль күнү түшкөн. 5-июль күнү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа жана 6-июль күнү 1997-жылы туулган Т.М. аттуу жигиттин жансыз денеси табылган.

«10-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 41 куткаруучу, РИИБден 10 кызматкер жана туугандарынан 15 адам тартылып, кеч киргенине байланыштуу саат 19:30да издөө иштери токтотулду, натыйжа болгон жок. Туугандарынын катынын негизинде издөө иштери 15-июлга чейин убактылуу токтотулду», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аксылык 22 жаштагы классташ жигиттер жаңы сатып алган жеңил автоунаа менен бара жатып, Чычкан суусуна түшүп кетишкени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×