Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 09.07.2019 15:28

Аксыда мал уурдап бара жаткан Өзбекстандын 2 жараны кармалды

Аксыйский район
Аксыйский район

Turmush -  Аксы районунун аймагынан мал уурдап бара жаткан 2 адам кармалды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү милиция тастыктады.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын 2 жараны мал уурдап бараткан учурда кармалган. Алар топтошуп иштеп, көп малды уурдоого шектелүүдө. Учурда уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин Жерге-Тал айылынын тургундары мал-жандыктары дайынсыз жоголуп жатканын айтып, президентке кайрылуу жолдошкон. Кийин Аксы РИИБдин башчысынан уурулукту токтотуу боюнча чара көрүүнү суранышкан.

Ошондой эле Аксы районунда 2 жаран мал уурулук боюнча кармалып, кийин соттолгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×