Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.07.2019 10:30

Кара-Көлдөгү ооруканага хирург Б.Рысбековдун айкели орнотулуп, медициналык кызматкерлер сыйланды

Turmush -  Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна хирург-дарыгер Боронбай Рысбековдун айкели орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

6-июль күнү өткөн ачылыш аземге шаардын жетекчилери, оорукананын жамааты, Б.Рысбековдун балдары, туугандары катышты. Айкелди дарыгердин балдары орнотушкан.

Иш-чара ак халатчандардын кесиптик майрамына туш келгендиктен, мэрия тарабынан медицина кызматкерлерине ардак грамота тапшырылды. Анда оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Токторалы Касымбеков, лаборант Тилешкан Жүндүбаева, дарыгер-лаборант Айнура Сейденбаева сыйланды.

Ал эми Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан маалымат берүү бөлүмүнүн башчысы, статист-дарыгер Айнура Амираева, физбөлмөнүн мээрман айымы Гүлнара Бекешова, төрөт бөлүмүнүн умай энеси Мариям Шермурзаева, тиш дарыгер Динар Орозбекова, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн мээрман айымы Бермет Дооронкулова, кечиктирилгис жардам бөлүмүнүн диспетчер мээрман айымы Татихан Досалиева, тастыктоо бөлүмүнүн лаборанты Насира Өмүрзакова, жандандыруу бөлүмүнүн улуу мээрман айымы Рапакан Жуматаева, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мээрман айымы Калима Туйбаева, хирургия бөлүмүнүн операциялык мээрман айымы Жанар Бочолоева сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×