Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.07.2019 09:28

Жалал-Абадга келген туристтердин саны арбыды. Алардан казынага канча каражат түштү?

Turmush -  Акыркы жылдары Жалал-Абад облусуна келген туристтердин саны арбыды. Алар көбүнчө Сары-Челек, Арстанбап жана Сафед-Булан өңдүү жерлерге зыярат кылышат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык маселелер жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдирди.

Анын айтымында, туристтерден түшкөн 42 млн 184 миң сом жергиликтүү бюджетке которулган.

«Облуска келген туристтердин басымдуу бөлүгү Арстанбап, Сары-Челек жана Сафед-Булан сыяктуу эс алуучу жана тарыхый жайларга барууда. Мисалы, 2018-жылы облуска 533 миң 795 турист келген. Анын ичинен жергиликтүү эс алуучулар 486 миңге жакын, КМШ өлкөлөрүнөн келгендер 42 миңден ашуун, ал эми алыскы өлкөлөрдөн келген туристтердин саны 4,5 миңге жакын болду. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп. Быйыл дагы чет өлкөдөн келген эс алуучулардын саны көп болгону байкалууда», - деди Г.Аширова.

Мындан сырткары, ал былтыркы жылдан тарта жайлоолордо боз үй тигип, саамал жасап, конок күткөндөрдүн саны арбып жатканын, быйыл расмий түрдө 150дөн ашуун конок үйлөрү эс алуучуларга кызмат көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Жалал-Абад облусунун аймагында 10 жылдан ашык убакыттан бери туристтерге кызмат көрсөткөн «Түштүк тоолору» туристтик фирмасынын башчысы Рухсора Абдуллаеванын баамында, быйыл облуска келген туристтердин саны бир аз солгундай түшкөн.

«Бизге көбүнчө кайда барып эс алуу керек, ал жактын шарттары, кандай артыкчылыктар бар деген суроо менен туристтер кайрылышат. Жалал-Абадга Германия, Швейцария, Япония, Кытай жана башка өлкөлөрдөн келген туристтер көп. Алар бизден Арстанбап тууралуу, Сары-Челек жөнүндө жана ал жердеги шарттар тууралуу сурашат. Биз аларга 5 жылдыздуу мейманкана сунуштай албайбыз, андай шарттар жок, бирок кадимки таза, тынч конок үйлөрүн сунуштайбыз. Былтыр биздин фирмага 300дөн ашуун турист кайрылган, ал эми быйыл бир аз азыраак», - деди Р.Абдуллаева.

Жалал-Абад облусунда 3 мамлекеттик корук, 2 курорт, 1 санаторий, 4 туристтик эс алуучу жай, 1 туристтик пансионат, 7 тарыхый жай, 50дөн ашуун мейманкана жана конок үйлөр бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×