Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.07.2019 23:24 Жаңыланды: 09.07.2019 08:17

Жалал-Абадда көлгө чөккөн 9 жаштагы кызды куткарып калышты

Комсомольское озеро в городе Кара-Куль
Комсомольское озеро в городе Кара-Куль

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 9 жаштагы кыз сууга чөгүп, куткарылгандан кийин ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер борборунун тез жардам кызматы тастыктады.

Алардын маалыматына караганда, 2010-жылы туулган Д.К. Комсомол көлүнө чөккөн. Тез жардам бөлүмүнө маалымат саат 17:42де түшкөн жана тез жардамдын унаасы окуя болгон жерге саат 17:45те барган. Тез жардам кызматы сууга чөккөн кызды ооруканага жеткирип, кабыл алуу бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Андан кийин бейтап хирургия бөлүмүндө 2 саат дарыгердин көзөмөлүндө болуп, үйүнө чыгарылган.

Ал эми бул окуяга күбө болгон 39 жаштагы М.Н. кызга жасалма жол менен дем алдырышканын билдирди.

«Мен балдарым менен Комсомол көлүнө эс алганы баргам. Көлдүн сейил бак тарабында жайгашкан кумдуу жээкте жаш балдар бир кызды суудан сүйрөп чыгып келе жатышыптыр. Кызды жээкке чыгарганда эл үйүлүп, тегеректеп, ызы-чуу болуп калышты. Мен жана бир аял экөөбүз кызды көлөкө жерге жаткырып, жасалма дем алдыруу жасап, капталынан жаткырдык. Оозунан суу чыккандан кийин чалкасынан жаткырып, бутун өйдө көтөрүп турдук. Анткени кандын айланышын тездетүү керек эле. Биринчи медициналык жардам бердик. 15 мүнөттөй кыйналып, анан өзүнө келди. Андан кийин аны тез жардам кызматы алып кетти», - деди окуянын күбөсү.

Социалдык түйүндөргө аталган окуя боюнча тез жардам кызматынын унаасы белгиленген жерге дарбазанын ачкычы жок кире албай калганын айтып маалымат таратышкан. Социалдык тармактагы маалыматка таянсак, медицина кызматкерлери окуя болгон жерге жөө басып барышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×