Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.07.2019 18:00 На русском

Кызматкерине ок аткан Э.Тарыхчиев 9 жыл 6 айга кесилди

Эмилбек Тарыхчиев
Эмилбек Тарыхчиев

Turmush -  Базар-Коргондо иш бөлмөсүндө кызматкерин атууга айыпталган райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн мурунку башчысы Эмилбек Тарыхчиев сот залынан камакка алынды. Бул тууралуу жабырлануучу Таалай Исаев билдирди.

Маалым болгондой, Базар-Коргон райондук сотунун 27-июндагы чечими менен Эмилбек Тарыхчиев 9 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Ал Жазык кодексинин 39-130-беренелери менен (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) күнөөлүү деп табылган.

«Райондук сот акыйкат чечим чыгарды. Бирок райондун прокурору жазанын жылын аз айтып койду, 15 жылга кесилиши керек эле. Мен өлкө башчысына ыраазычылык айткым келет. Анткени былтыр Ноокенге келгенде ушул маселени айткам. Өлкө башчы тапшырма берген эле», - дейт Т.Исаев.

------------------------------------------------------------------------------

Базар-Коргон районунда кол алдындагы кызматкерине ок чыгарды деп айыпталып, кийин райондук сот тарабынан акталган райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн мурунку башчысы Эмилбек Тарыхчиевдин иши кайра каралып жаткан болчу.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, президент Сооронбай Жээнбековдун Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү калк менен жолугушуусунда (2018-жылдын 15-августу) Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун жашоочусу Таалайбек Исаев кызматтык иш бөлмөсүндө токмоктоп жана аны жаракат келтирүүчү тапанча менен бир нече жолу аткан райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевге карата козголгон кылмыш ишин көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кайрылган.

Ушул жылдын (2018-жыл) 12-сентябрында маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бардык материалдар изилденип, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилгенин билдирген.

Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү боюнча Эмилбек Тарыхчиев КРнын Жазык кодексинин 105-беренесинде каралган кылмышты (атайылап денеге оордон төмөн зыян келтирүү) жасаганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок мурда жарыяланган мунапыска байланыштуу Эмилбек Тарыхчиев жаза өтөөдөн бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×