Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуТоктогул району 06.07.2019 20:32 На русском

Жаңы сатып алган унаа менен Чычкан суусуна түшүп кеткен классташтар: Экинчи жигиттин денеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 6-июль күнү саат 13:30да Бишкек–Ош унаа жолунун 270-чакырымында Чычкан суусунан 1997-жылы туулган Т.уулу М.нын денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маркумдун денеси куткаруучулар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Буга чейин Turmush басылмасы аксылык 22 жаштагы классташ жигиттер жаңы сатып алган жеңил автоунаа менен бара жатып, Чычкан суусуна түшүп кетишкенин жазган.

Кырсык 2-июлга караган түнү болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаадагы жигиттер Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чие айылында 1997-жылы төрөлгөн. Алардын биринин жансыз денеси сууга калкып чыгып калганын Чычкан суусунда балык кармап жүргөн адамдар көрүшкөн.

2-июль күнү ӨКМдин Токтогул райондук бөлүмүнө Чычкан суусунда жансыз адамдын денеси жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган 5 кызматкер аны алып чыгышып, милицияга тапшырып беришкен. Маркум 1997-жылы туулган А.И. экендиги белгилүү болгон.

Ал эми маркумдун туугандарынын айтымында, классташтар Москва шаарында иштеп жүрүп, Бишкекке келишкен. Борбордон унаа сатып алып, айылына келе жатышкан.

Учурда 3-жигитти, тактап айтканда Ө.Б.ны издөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×