Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.07.2019 20:22 На русском

Жалал-Абадда мэрдин ур-токмогуна кабылганын айткан жигит тосмо арыз жазды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэринин үстүнөн арыз жазган Мавлян уулу Сыдык тосмо арыз берди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, арыз ээси калаа башчыга эч кандай доосу жок экендигин, мэр аны ур-токмокко албаганын жана ал ачууланып арыз жазганын билдирген.

«Арызданган атуул менен 3-4 адам кошо «Тагай-Бий» мончосунда болушкан. Мончодо күбө болгондордун көрсөтмөлөрүндө мэрдин колу тийбегендигин, пикир келишпестик болбогондугун билдиришкен. Арыздануучу мэр кол көтөрбөгөндүгүн, ал ачууланып, анын үстүнөн арыз жазып койгондугун билдирген. Себеби мончо саат 24:00дө жабылмак, саат 01:00 болуп калгандыктан мэр аларга мончодон эртерээк чыгуусун айткан экен. Балдар чыгып баратканда ал тайып жыгылып кеткен экен. Бүгүн ал тосмо арыз жазды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында Мавлян уулу Сыдык аттуу тургун мэр Мураталы Тагаевдин ур-токмогуна кабылганы айтылып, милиция кызматкерлери териштирүү ишин баштагандыгы маалымдалган болчу.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 2-июлунан 3-июлуна караган түнү Тагаевдерге таандык болгон мончодо пикир келишпестик орун алып, анын кесепетинен Мавлян Сыдык уулу ооруканага кайрылган. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

«Дарыгердин маалыматынын негизинде окуя Жазык кодексинин ээнбаштык беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Медициналык жардамга муктаж болгон жаран Мураталы Тагаев аттуу адамдын токмогуна кабылганын айткан. Ал чын эле мэрби же башка адамбы? Бул боюнча териштирүү иши жүрүп жатат», - деп билдирген ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Нурдин Жээнтаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×