Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.07.2019 19:25

Жалал-Абадда Алымкул аскер башчынын тарыхтагы орду даңкталды

Turmush -  Бүгүн, 5-июлда Жалал-Абад шаарында «Алымкул Асан бий уулунун (1831–1865) мамлекеттик ишмердиги» деп аталган эл аралык илимий конференция болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага Президенттин аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов жана Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринен келген коноктор катышты.

Иш-чара «Мурас» фондунун, өкүлчүлүктүн, «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмесинин колдоосу менен жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, эки элдин достугун бекемдөө максатында өттү.

Т.Кененсариев Алымкул Асанбий уулу тууралуу айтып жатып: «Алымкул аталык боюнча биз тарыхчылар 15 жылдан бери изилдеп жатабыз. 1998-жылы менин «Алымкул-Аталык» аттуу китебим жарык көргөн болчу. Жакында эле экинчи «Алымкул Амир Лашкир» аттуу китеп чыкты. Бул китеп 2021-жылы ушул кишинин 190 жылдыгына карата чыгарылды. Тарыхта калган инсан бүтүндөй Түркстан чөлкөмүнүн азаттыгын коргогон, 1863-1865-жылдар аралыгында Кокон хандыгын башкарган кыргыздын чыгаан уулу болгон», - деди.

Кол башчынын урпактарынын бири болгон ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматов Алымкул аскер башчы тууралуу коңшу Өзбекстан өлкөсүндө да түрдүү илимий жыйындар өтүп келээрин, былтыр Анжиян шаарында саамалык өткөнүн, ал боюнча дагы маалыматтар жыйнала бере турганын баса белгиледи.

Алымкул Асан бий уулу бүтүндөй Түркстан чөлкөмүнүн азаттыгын коргоп жатып, 1865-жылдын 9-майында күрөштө ок тийип каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×